Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Лифттеги өлүм боюнча кылмыш иши козголду


Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, 38 жаштагы адам кыпчылып көз жумган.
Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, 38 жаштагы адам кыпчылып көз жумган.

Бишкек милициясы Улан кичирайонундагы лифтке кыпчылып каза болгон адамдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш иши Жазык кодексинин 297-беренеси ("Колдонуучулардын өмүрүнө кооптуу кырдаалды түзүү") боюнча ачылды. Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин Бишкек мэриясы лифттеги өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тармактар аралык комиссия түзгөн.

11-январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт өз алдынча иштеп кетип, ага коляскадагы баласы менен кирип баратканда 38 жаштагы адам кыпчылып көз жумган.Ымыркай зыян тарткан эмес.

Кыргызстанда лифттен кырсыктап каза болгон учурлар буга чейин дагы болгон. 2015-жылы Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда лифт оңдоп жатып бир киши каза болгон. 2018-жылы Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза тапкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG