Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттер иштөө тартибин өзгөрттү


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети.

Чек ара кызматы коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү эске алуу менен кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу жана адамдардын өтүү тартиби өзгөргөнүн билдирди.

Ага ылайык, оор жүк ташуучу транспорт каражаттары “Ак-Тилек", “Чалдыбар" жана Талас облусундагы “Чоң-Капка" бекеттеринен өтө алышат.

"Ак-Жол", “Ак-Тилек”, “Чалдыбар” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” бекеттери аркылуу адамдардын өтүүсүнө дагы бир катар чектөөлөр киргизилген. Жогорудагы бекеттер аркылуу Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду. Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар жогорудагы бекеттер аркылуу кире алышат. Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогорудагы бекеттер аркылуу чыга алышат.

Кыргызстандын “Каркыра” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.

Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экенин эскертет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG