Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

АКШ сенаты Орусиянын президенти Путинге каршы санкцияларды даярдады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

АКШ сенатындагы демократтар Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган орус аткаминерлерине жана Орусиянын банк түзүмүнө санкциялар топтому боюнча мыйзамдын долбоорун даярдашты.

The Washington Post мурдараак бул мыйзам долбоорун Ак үй колдогонун жазган. Санкциялар эгер Орусия Украина басып кирсе колдонулат.

Санкциялардын ичинде Путиндин АКШга кирүүсүнө тыюу салуу, анын америкадагы активдерин камакка алуу сыяктуу чаралар бар. Ушундай эле нерселер Орусиянын премьер-министрине, тышкы иштер министрине жана коргоо министрине колдонулат. Вашингтондун пикиринде, алар аскердик чабуулга тиешеси бар деп эсептелет.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын Владимир Путинге санкция киргизүү каалоосун “ашкере кетүү” деп баалады. Ал Вашингтондун мындай жолго барышы “мамилелердин толук үзүлүшүнө барабар” деди.

Былтыр күздөн тартып Украинанын чек арасына жакын жерге Орусиянын аскерлери топтоло баштаган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскерин машыгуу үчүн топтогонун айткан.

Буга байланыштуу 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болсо, 13-январда Орусия тарап Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү менен жолугууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG