Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Нидерланддын королу расизмдин элементтери чагылдырылган арабадан баш тартты


Нидерланддын королунун салттуу алтын арабасы.
Нидерланддын королунун салттуу алтын арабасы.

Нидерланддын королу Виллем-Александр сыртында расисттик деп саналган сүрөт тартылган салттуу алтын арабадан баш тартуу чечимин кабыл алды.

Карета XIX кылымдын аягында жасалган. Анда кара терилүү адам менен азият түспөлүндөгү киши тизелеп олтурган абалда Нидерландды символдоштурган ак терилүү аялга какао жана кант камышын сунуштап жатканы тартылган. Аялдын жанында ак терилүү эркек европалык эмес келбеттеги адамдарга цивилизациянын символу катары китеп сунуп турганы чагылдырылган.

Корол Нидерланддын эски колониалдык тарыхын чагылдырган сүрөттү көп өлкөлөрдүн жашоочулары кемсинтүү катары чечмелей турганын мойнуна алган.

Падышалык алтын араба салттуу түрдө парламенттин иш-чарасынын ачылыштарында колдонулуп келчү. Сын-пикирлерден улам 2015-жылдан бери дээрлик колдонулбай келаткан.

Нидерланд XVII кылымда көп аймактарды, анын ичинде Индонезиядагы, Түштүк Африкадагы жана Түштүк Америкадагы жерлерди басып алган жана трансатлантикалык кулчулук соодасында чоң оюнчу болгон.

Мурдагы жылы Амстердам шаарынын мэри калаа кезинде кулчулук соодасына салым кошкону үчүн расмий түрдө кечирим сураган. Бул мамлекеттин атынан кечирим суроодон баш тарткан премьер-министр менен келишпестиктерди жараткан.

Виллем-Александр Нидерландда 2013-жылдан бери королдук кылат. Ага чейин 33 жыл анын апасы Беатрикс канышалык кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG