Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Зеленский Байден менен Путинге үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады


Владимир Зеленский Владимир Путин менен 2019-жылы Германиянын канцлери жана Франциянын президентинин арачылыгы менен жолуккан. Бул алардын биринчи жана жалгыз кездешүүсү.
Владимир Зеленский Владимир Путин менен 2019-жылы Германиянын канцлери жана Франциянын президентинин арачылыгы менен жолуккан. Бул алардын биринчи жана жалгыз кездешүүсү.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байденге жана Орусиянын президенти Владимир Путинге үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, болбосо видеоформат аркылуу сүйлөшүүнү сунуштады. Бул тууралуу жума күнү украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак кабарлады.

Анын айтымында, Зеленский өз демилгесин Байденге айтты. Качан айтканын тактаган жок.

Андрей Ермак “америкалык өнөктөштөр бул сунушту кызыгуу менен кабыл алышканын” белгилеп, орус тараптан эч кандай реакция боло электигин кошумчалады. Анын сөзүнөн сунушту Орусияга Украина тарап айтканы же, АКШнын өкүлдөрү билдиргени белгисиз. Москва азырынча бул демилге боюнча пикирин айта элек.

Зеленский Донбасстагы конфликттерди, Крымдын аннексиясын жана башка маселелерди талкуулоо үчүн Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин буга чейин бир нече жолу жарыялаган. Путин да аны менен жолугушса болорун айтканы бар.

Президент Владимир Зеленскийдин сунушу Украина менен Орусиянын чек арасындагы кырдаал курчуган мезгилде айтылып жатат. Орусия чек арага жакын жерге 100 миңдей аскерин жана техникаларын жайгаштырып, Батышка Украинанын НАТОго кабыл алуудан баш тартуусун талап кылып жатат. Батыш тарап муну “тапанчаны башка такап, шарт койгондой” кабыл алып, “Украина эгемен өлкө экенин, ал каалаган уюмга кирүүгө укугу бар экенин” билдирип келет.

Узаган аптада аталган темага байланыштуу үч сүйлөшүү өттү. Алгач 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушкан. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Москванын өкүлдөрү 13-январда Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) жетекчилери менен Венада кездешкен. Тараптар мунун биринде да орток позицияга келе алышкан эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG