Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Орусияда Навальныйдын кармалганына бир жыл болду


Алексей Навальный соттук отурумдарга видеобайланыш аркылуу катышып жатат.
Алексей Навальный соттук отурумдарга видеобайланыш аркылуу катышып жатат.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын кармалгандыгынын бир жылдыгына карата социалдык баракчаларында анын атынан ири билдирүү жарыяланды.

“Жыл өтө бат өттү. Учак кечээ эле Москвага конгондой, бирок мына бир жыл олтуруп койдум. Жерде жана космосто убакыт эки башка ылдамдык менен жылат деп илимий китептерде туура жазышат”,-деди Владимир облусундагы абакта жаткан Навальный.

Ал андан ары Германиядан дарылануудан кийин Орусияга кайтып келгенден кийин эле кармалганын эстеген.

“Өз өлкөмдө эркин адам катары бир кадам да бастырбай, чек ара көзөмөлүнө чейин эле кармашты”,-деп белгиледи.

Саясатчы “камактагы мөөнөтү качан аяктарын билбей турганын, аны “экстремист, террорист” кылуу үчүн дагы бир иш моюнуна илинип жатканын” жазды. Өзүнүн ишмердүүлүгүнө өкүнбөй турганын айтып, тарапкерлерин күрөшүүдөн коркпоого чакырды.

Баракчада Навальныйдын аялы Юлия менен абакта жолугушкан учурда түшкөн сүрөтү жарыяланды. Ал дүйшөмбүдө экинчи иш боюнча соттук отурумга видеобайланыш аркылуу катышууда. Анда саясатчынын маянасы тууралуу жана аны экстремист деп атоо жөнүндө маселе каралууда.

2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын 17-январында Москвага келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга алган эмес. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

Бул аралыкта Навальныйдын штабы жана ал түзгөн Коррупцияга каршы күрөшүү фонду “экстремисттик уюм” деп табылган чечим чыкты жана Орусияда ага тыюу салынды. Алардын ондогон мүчөлөрү камакка алынды, Орусиядан мажбур түрдө чыгып кетишти. Чет жакка чыгып кеткендердин арасында Навальныйдын штабынын жетекчиси Леонид Волков, фонддун директору Иван Жданов жана юристи Любовь Соболь бар.

Алексей Навальныйдын өзүнө карата дагы бир нече кылмыш иши козголгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG