Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Өзбекстан учкучсуз учактарды чыгара баштады


Өзбекстандын "Лочин" деп аталган дрону. Тиешелүү мекеме тараткан сүрөт.
Өзбекстандын "Лочин" деп аталган дрону. Тиешелүү мекеме тараткан сүрөт.

Өзбекстан Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен биринчи болуп өзүнүн учкучсуз учуучу аппараттарын өндүрүүнү баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргонуу өндүрүшү боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, комитеттин алдында Авиациялык учкучсуз комплекстердин илимий-өндүрүштүк борбору уюшулду. Борбор техникалык жана атайын жабдуулар, сыноо аянтчалары, кураштыруу жана учкучсуз учактарды тейлөө комплекстери менен камсыздалган.

Дрондорду чыгаруучу борбор өлкөнүн кайсы аймагында жайгашканы, кайсы өлкөлөрдүн технологиясы колдонулуп жатканы, бир аппаратты чыгарууга канча каражат кетери жана техникалар кайсы өлкөлөргө экспорттолору такталган эмес.

Өзбекстандын атамекендик өндүрүшүндөгү аппараттар “Лочин” деп аталат. Ал эл аралык техникалык талаптарга толук жооп берери маалымдалат.

Коргонуу өндүрүшү боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, учкучсуз учактар чалгындоо, сокку уруу, байкоо, маалымат алуу, артиллериялык аткычтарды башкаруу милдетин аткара алат. Аппараттар мындан сырткары картография, топогеодезия, мөңгүлөрдү, жолдорду, социалдык инфраструктураларды жана айыл, мунай-газ, токой, темир жол, кен тармактарындагы маанилүү объектилерди көзөмөлдөөгө да жарайт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG