Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Европарламенттин жаңы спикери болуп Роберта Метсола шайланды


Роберта Метсола.
Роберта Метсола.

Европарламенттин жаңы төрайымы болуп Мальтанын өкүлү Роберта Метсола шайланды. Ал 43 жашта, Европарламенттин тарыхындагы эң жаш саясатчы болуп калды.

Метсола Европа Биримдигинин ичиндеги эң кичинекей мамлекет саналган – Мальтанын биринчи өкүлү катары келген. Төрайымдыккка аны Европарламенттеги үч ири фракция колдоду.

Роберта Метсола аборттор жөнүндө мыйзамдарды катаалдаштырууну жактаган депутат. Бирок шайланып жатып Европарламенттин башчысы катары өз көз карашын эмес, анын көпчүлүк депутаттарынын кызыкчылыктарын коргой турганын айтты.

Жаңы төрайымдын күйөөсү Европарламентке Финляндиянын атынан шайланып келген Укко Метсола. Алардын ортосунда төрт бала бар.

Европарламенттин мурдагы төрагасы Давид Сассоли 11-январда Италияда көз жумган. Расмий маалыматта “ал иммундук системанын иштөөсү бузулгандан улам абалы оорлошуп ооруканага жатканы” айтылган. 65 жаштагы Сассоли 2009-жылдан бери Европарламенттин мүчөсү болгон. 2019-жылы Европарламенттин төрагалыгына шайланган. Сассолинин кызматтагы мөөнөтү ушул айда аяктамак. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG