Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

 “Нур Отан” партиясы кезексиз курултай өткөрөрүн жарыялады


“Нур Отан” партиясынын Алматыдагы кеңсеси соңку нааразылыктарда талкаланды.
“Нур Отан” партиясынын Алматыдагы кеңсеси соңку нааразылыктарда талкаланды.

“Нур Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Бауыржан Байбек 18-январда партиянын аймактык филиалдары менен жыйын өткөрүп, кезексиз курултай өткөрүүгө даярдык башталганын жарыялады. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында Бауыржан Байбек Назарбаевдин азыркы президенттин айланасында биригүү чакырыгын эске салып, мурдагы мамлекет башчыны сынга алгандарды айыптады.

Партиянын курултайынын күнү айтылган жок. Анда лидерди алмаштыруу маселеси каралары белгилүү болду.

“Нур Отан” партиясынын төрагасы - мурдагы президент Нурсултан Назарбаев. Анын басма сөз катчысы өткөн жылдын ноябрь айында ыйгарым укуктарын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берүүгө даярданып жатканын жазган.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев январдын башындагы тополоң менен коштолгон нааразылыктар тууралуу 18-январда видеокайрылуу таратып, азыркы президент менен келишпестиги жок экенин айткан. Назарбаев “Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын өткөрүп бергенин, жакын арада “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын да Токаевге берерин билдирген. 2-январда башталган соңку нааразылыктарда партиянын Алматыдагы кеңсеси талкаланган.

Башкаруучу партия 1999-жылы, ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен “Отан” деп түзүлгөн. 2006-жылы “Нур Отан” деп өзгөртүлгөн. Бул казакча Отан, кыргызча «Ата-Мекендин нуру» дегенди түшүндүрөт деп айтылганы менен оппозициялык күчтөр ал Назарбаевдин атына жалгашып өзгөргөнүн айтып келишет. Ушул убакка чейин төрагасы катары Назарбаев өзү турганын белгилегендер “Нур Отанды” СССР учурундагы Коммунисттик партия менен окшоштуруп келишчү. Оппозиция партияны “бир адамдын керт башына сыйынган жана авторитардык партия” катары сыпаттачу.

“Нур Отан” партиясы дээрлик бардык шайлоолордо парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеп келген. Учурда 107 депутаттын 76 оруну ушул партияга туура келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG