Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Орусия менен Ирандын президенттери Москвада сүйлөшүү баштады


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси 19-январда Москвада жолукту.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси 19-январда Москвада жолукту.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси 19-январда Москвада жолугуп, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты.

Былтыркы жылы президент болуп шайланган консервативдик диний ишмер Раиси Москвага эки мамлекеттин алдыңкы 20 жылдыкты камтый турган стратегиялык кызматташуу жөнүндө долбоорлорду сунуштаганын айтты. Ал Ирандын Орусия менен кызматташуусун кеңейтүүдө чек жок экенин айтты.

Путин кызматташуунун уланышын кубаттап, тараптардын эл аралык маселелерде, анын ичинде Сирия жаңжалындагы позициялары окшоштугун айтып өттү. Эки өлкө тең он жылдай убакыттан бери жарандык согуштан чыга албай келаткан Сириянын президенти Башар Асаддын өнөктөштөрү.

Путин менен Раисинин бул жолугушуусу Тегерандын дүйнөлүк державалар менен өзөктүк куралды кайрадан жаңылоого багытталган сүйлөшүүлөрүнүн фонунда өтүп жатат. Ал дагы уланары айтылды.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

2018-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы бул келишимден чыгып кетип, санкцияларды кайра жанданткан. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытуу аракетин күчөткөн.

Трамптан кийин быйыл январда ишке киришкен президент Жо Байден эл аралык келишимге кайра кошулууну убада кылып, бирок Иран документтин шарттарын толук аткарышы керек экенин билдирген.

Мурдагы жылдан тартып Тегеран калган беш өлкө – Франция, Улуу Британия, Орусия, Кытай жана Германия менен сүйлөшүүлөрдү улантып келатат. Жараян Ибрахим Раиси президент болуп шайлангандан кийин кеминде беш ай токтоп калган. Сүйлөшүүлөрдүн максаты АКШны кайрадан келишимге кошуп, Иранга карата санкцияларын алдырууга багытталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG