Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

COVID-19: бир бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир күн ичинде (21-январга карата-ред.) Кыргызстанда коронавирус 788 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (523 адам).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы бир киши каза болгонун, ал вакцина албаган адам экенин билдирди.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 193 миңден ашты, 2842 бейтап каза болду. 181 миңден ашык киши сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 1075 бейтап ооруканаларда, 6429 адам үйлөрүндө дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG