Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Бишкекте ок атылган мушташка байланыштуу төрт киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында ок атылган мушташка байланыштуу төрт киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ленин районунун Ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 21-январда кечки саат 7ден өткөндө милицияга белгисиз адамдар мушташып, ок атылып, бири-бирине бычак шилтеп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Окуя борбор калаанын Манас проспектисиндеги турак жайлардын биринде катталган.

Жерине барган милиция кызматкерлери эки жарандын ортосунда пикир келишпестик жаралып мушташа кеткенин аныктаган. Аларга жардамга келгендердин бири ок чыгарган. Натыйжада жаңжалга аралашкан үч адам жана мушташка катышкандардын биринин досу тергөө кызматына жеткирилген. Сурак учурунда бирөө каршылашынын денесине зыян келтирип, кийин ок атканы белгилүү болгон.

Тапанча милиция тарабынан алынып, жаңжалдын эки фигуранты бири-бирине каршы арыз жазган. Тергөө уланууда.

Мушташта курал колдонгон учурлар буга чейин дагы катталган.

Январдын башында Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Тепке айылында 9-класстын эки окуучусун коңшу айылдын балдары сабап кеткени белгилүү болгон. Жабыркагандардын биринин колу сынып, дагы биринин баш мээси чайкалып ооруканага түшкөн. Окуяга капысынан күбө болгон эки тургун Курбу айылынан келген балдар травматикалык курал колдонгонун айтышкан. Милиция бул маалыматты четке каккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG