Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Токтакунов: Темировго кылмыш кодексинин 287-беренеси менен иш козголду


Адвокат Нурбек Токтакунов
Адвокат Нурбек Токтакунов

Иликтөөчү журналист Болот Темировго кылмыш кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууга азгыруу) менен иш козголгонун адвокат Нурбек Токтакунов жекшембинин түнүндө билдирди.

Кодексте жазылгандай, бул берене боюнча күнөөлүү деп табылган адам бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилет, же эки жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Токтакунов Темировдун экспертизадан сон кайда экени белгисиз болуп жатканын, бул мыйзамсыз экенин кошумчалады.

22-январда күч органдары кармап кеткен иликтөөчү журналист Болот Темиров милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" деп айтууга үлгүргөн.

Анын алдында Токтакунов Темировдун үстүнөн "кимдир-бирөөдөн милицияга арыз түштү" деп түшүндүрүшкөнүн айткан. Темиров менен бирге тинтүү учурунда кеңседе болгон журналисттердин айтымында, күч кызматкерлери имаратка кирип келип, ал жердегилердин баарын жерге жаткырып, иликтөөчү журналисттин чөнтөгүнөн "белгисиз зат алып чыгышкан".

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кыл темада журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келген. Жакында анда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына «Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп» деп 22-январда жазды. Ал журналисттин камалышы боюнча үн каткан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG