Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

УКМК журналист менен төкмө акын тууралуу видеолорго тиешеси жоктугун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

УКМК иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы жана жеке жашоосуна байланыштуу видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин 26-январда билдирди.

УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроо жаралса, мекемеге кайрылууга чакырган.

“Кээ бир кызыкдар тараптар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен күнөөлөп, "катуу сөздөрдү, эпитеттерди" айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат”, - деп айтылат маалыматта.

Журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн.

Журналисттер жана активисттер, акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыккан.

Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта аны “адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү”, “ыплас ыкма”, журналисттерди коркутуу” деген сындар айтылган. Бул видеолордун артында атайын кызмат, укук коргоо органдары турат деген да пикирлер бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG