Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Чек ара кызматы Тажикстан ок атууну токтотпой, аскердик техника жана күчтөрдү тартып жатканын билдирди


Баткен облусу. Көк-Таш айылы. Январь, 2022-жыл.
Баткен облусу. Көк-Таш айылы. Январь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, 27-январда "саат 22:18де тажик тараптын демилгеси менен эки мамлекеттин чек ара башчылары экинчи жолу телефондон сүйлөштү".

Маалыматка караганда, Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмоналинин сүйлөшүүсүндө чек арадагы ок атууларды токтотуу тууралуу сөз болду.

"Шаршеев анда тажик тарап ок атууларды токтотпой, чек арага аскердик оор техниканы жана өздүк курамды тартууну улантып жатканын" билдирген.

23:00гө карата тажик аскерлери кыргыз жоокерлеринин позицияларын маал-маалы менен аткылап жатканы маалыматта айтылды. Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында уланып жатканы кабарланды.

Чек ара кызматы билдиргендей, тажик аскерлери Кыргызстандын куралдуу күчтөрү жайгашкан жерди "миномет менен аткылаган, Көчө-Бою аймагында тажик тараптын аткылоосунан кыргызстандык жарандын үйү күйүп кеткен".

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.

Кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону маалымдалды. "Озоди" радиосу тажикстандык жайкын тургун каза болгонун билдирди. Тажикстан расмий маалымат бере элек.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG