Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Чек арадагы ок атышуу үчүн эки өлкө бири-бирин айыптады


Тажикстандын Чек ара кызматына караштуу застава.
Тажикстандын Чек ара кызматына караштуу застава.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууга байланыштуу билдирүү таратты. Коңшу өлкөнүн “Ховар” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, чек арадагы окуяга Тажикстан Кыргызстанды айыптаган.

Маалыматта айтылгандай, 27-январдын кечинде, саат 17:20 чамасында Кыргызстандын элүүдөй жараны Хожа-Алъо айылына жакын жерде Тажикстандын жаранынын кум ташып бараткан “Портер” автоунаасын мажбурлап көпүрөнүн жанында токтоткон.

Тажик чек ара кызматы муну жөнгө салуу үчүн кыргыз тараптын расмийлери менен жолугуу демилгесин көтөргөн. Тажикстандын тиешелүү органы ага Кыргызстандын өкүлдөрү келбей койгонун, тескерисинче, кыргыз чек арачылары көпүрөнүн жанында позицияларды ээлеп, тажик жарандарына ок атканын билдирет.

Кыргызстан тараптан ок атуу уланып жатканын, Тажикстандын жарандарынын жана чек арачыларынын арасында курмандыктар бар экенин кабарлайт. Алар да “кыргыз тарап миномёттон ок чыгарып жатат” деп айыптап, Кыргызстандын чек арачылары "учкучсуз аппараттарды колдонуп жатканын" билдирет.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, саат 23:00гө карай тажик аскерлери кыргыз жоокерлеринин позицияларын маал-маалы менен аткылап жатканы тууралуу маалымат берилди. Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында уланууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, Көчө-Бою аймагында "тажик тараптын аткылоосунан улам кыргызстандык жарандын үйү күйүп кеткен". Кыргызстандын чек ара кызматы "жаңжалды биринчи коңшу өлкөнүн жарандары баштаганын, алардын чек арачылары биринчи болуп ок атышканын" кабарлаган.

Кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону маалымдалды. "Озоди" радиосу тажикстандык жайкын тургун каза болгонун жазды.

Куралдуу кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде - Төрт-Көчөдө чыкты. Ал жерде Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. 27-январдын кечиндеги окуя үчүн Кыргызстан тажик тарапты, Тажикстандын бийлиги кыргыз коңшуларын айыптап жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG