Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну токтотуу жана жаңжалдын себептерин иликтөө боюнча эки тараптуу комиссия түзүлдү. Бул комиссияны жетектеген Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун губернаторлорунун жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, жолугушууга эки облустун милиция, коопсуздук органдарынын жетекчилери да катышууда.
«Комиссия соңку конфликттин чыгуу себептери, хронологиясы, ок атууну токтотуу, мындан ары кагылышууну кайталанбашы үчүн тартиптерди иштеп чыгышы керек. Дал ушул максатта сүйлөшүү башталды. Эртең эки тараптын күч органдарынын жетекчилери, дипломаттар барып жолугушуу өткөрөт»,-деди Казакбаев.
Министрдин айтымында, жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө карабай, кезек-кезеги менен ок атылып жатат. Казакбаев кыргыз тарап маселени саясий дипломатиялык негизде чечүү позициясын карманарын кошумчалады.
«Кыргыз тарап бирөөнүн жерине көз арткан жок. Ошол эле учурда өлкөбүздүн бир сантиметр жери башкага берилбейт. Биз чек ара жана башка маселелерди коңшулар менен көп тараптуу жана эки тараптуу келишимдердин, эл аралык укуктун негизинде тынчтык жолу менен чечүү принцибин карманып келе жатабыз жана карманабыз»,-деп кошумчалады.
27-январда куралдуу кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде - Төрт-Көчөдө чыкты. Ал жерде Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.
Жаңжал үчүн Кыргызстан тажик тарапты, Тажикстандын бийлиги кыргыз коңшуларын айыптап жатат. (BkA)