Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Эвакуация болгондор эки мектепке жайгаштырылды


Баткен. 2022-жылдын 27-январы.
Баткен. 2022-жылдын 27-январы.

Кыргыз-тажик чек арасында тутанган куралдуу кагылыштан улам убактылуу эвакуацияланган тургундар Баткендеги Ленин атындагы жана №3 орто мектептердин спорт залына жайгаштырылды. Кызыл Ай эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, аларга алгачкы жардам көрсөтүлүүдө.

Чек ара тилкесиндеги айылдардын тургундарын ташуу үчүн автомашиналар бензин менен камсыздалып, азык-түлүк сатылып алынууда жана ысык тамак уюштурулууда.

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылган.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Соңку маалымат боюнча, жети кыргыз жараны ооруканага түштү.

Тажик тарап Кыргызстанды айыптап, атышууда бир жараны курман болгонун айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG