Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Temirov LIVE каналында иштегендер шаардык милицияга чакырылды


Журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, нааразылык акциялардан кийин үй камагына чыгышкан.
Журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, нааразылык акциялардан кийин үй камагына чыгышкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Temirov LIVE деп аталган YouTube каналда иштеген 10дой адамды 28-январга, кечки саат 6га күбө катары суракка чакырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" милицияга чакырылгандар билдиришти жана алардын арасында журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров жок экенин айтышты.

Азырынча шаардык милиция буга байланыштуу комментарий бере элек.

Мындан бир апта мурун аталган канал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган. "Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы материалда "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган. Ташиев менен анын жакындары дооматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров менен анын командасындагы төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG