Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Баткен: чек арадагы үйлөрдүн баары өкмөттүн эсебинен камсыздандырылат


Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге тапшырма берди. Ал 28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрдү.

Кеңешмеде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Ташиев тараптар чек арадагы атышууну биргелешип иликтөө үчүн комиссия түзүүнү, турак-жайын таштай качкан тургундарды кайрадан үйлөрүнө жеткирүүнү, жолдорду ачууну жана чек арадан Чек ара кызматынын жана жергиликтүү ички иштер органдарынын өкүлдөрүнөн башка бардык аскер бөлүктөрүн алып кетүүнү макулдашканын билдирген.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйын соңунда Акылбек Жапаров жабыркагандарга жардам берүү тууралуу чукул тапшырмаларды бергенин маалымдады.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаганын тактады. Мекеме тараткан маалыматта алардын абалы орточо оор экени, баары облустук ооруканага жаткырылганы айтылат.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG