Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусия: элчилик кыргызстандык жарандардын маянасын өндүрүп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Маник" фирмасынан айлыгын алалбай жүргөн 15 кыргызстандык жарандын маселеси оң жагына чечилгенин билдирди. Анда консулдук бөлүмдүн кызматкерлеринин жардамы менен жалпысынан алардын 1 миллион 195 миң рубль маянасы өндүрүлүп берилгени айтылат.

Буга чейин дагы Орусияда жүздөгөн кыргызстандыктар эмгек акысын өндүрө албай, жардам сурап элчиккке кайрылган учурлар катталган.

Расмий маалыматка ылайык, жылына Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө болжол менен 2,5 миңдей жаран кеминде 150-200 миллионго рублге чейин төлөнбөгөн эмгек акы тууралуу арыз менен кайрылат. Адатта анын 40-70 миллиону гана өндүрүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG