Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Министрлер кабинети ири кендерди жергиликтүү ишканалар иштетерин билдирди


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Министрлер кабинети Ысык-Көлдөгү "Тоголок алтын", Таластагы "Андаш жез", "Талды-Булак алтын" сыяктуу өлкөдөгү стратегиялык кендерди ата мекендик компаниялар иштетерин билдирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аларды иштетүү үчүн “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” компаниясы жана “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы негизделген. Министрлер кабинетинин буйругу менен 100% мамлекеттик үлүшү бар субьекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынансын пайдаланууга лицензия берүүгө тыюу салган мораторий алынды. Маалыматта кендерди пайдаланууда милдетин так аткарбаган, негизсиз иштетпей турган ишканалардын лицензияларына төлөмдөр жогорулатылганы айтылды.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, кендерди пайдалангандардын (Кумтөрдөн тышкары) рекультивациялоо фондунун каражаттары (340 млн сомго жакын) мамлекеттик банктарга топтолот. Кен иштеткендер үчүн суу пайдалануунун жаңы тарифине ылайык, 1 куб метр үчүн 60 сомдон 100 сомго чейин (деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикке/төмөндө жайгашкандыгына жараша).

Министрлер кабинети тараткан маалыматта, Кумтөр кени сырттан башкаруу киргизилгени өндүрүлгөн алтын өлкө ичинде, мамлекеттик менчиги болуп калганы айтылат.

2021-жылы июнь айында “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу тыштан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк ишканадан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди да ачуу пландалып жатканын айткан болчу. Анда ал "Тоголок алтын" кени, Таластагы "Андаш жез", Талды-Булак алтын кени жана Нарындагы Жетим-Тоо темир кендерин атаган.

Буга чейинки Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы берген маалыматтарда, Таластагы Талды-Булакта алтындын 23 тоннадан ашык, жездин 24 миң тонна, Андаш кенинде 22 тонна ашык алтын, 80 миң тоннадай жез, Жети-Өгүздөгү Тоголок кенинде 17 тоннага чейин алтындын запасы бар деп кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG