Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Жогорку сот судьялардын айлыгы 160 миң сомго жетерин төгүндөдү


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Жогорку соттун басма сөз кызматы судьялардын айлыгы тууралуу түшүндүрмө берди. Анда былтыр 1-юлдан тартып маяны көбөйгөнү, инстанцияларга жараша судьялар учурда 46 миң сомдон 60 миң сомго чейин алары айтылат. Негизги айлыкка ар кандай кошумча төлөмдөр бар экени белгиленген.

"Кошумча төлөмдөр менен чогуу эсептегенде деле судьялардын айлыгы Финансы министрлигинин маалыматында көрсөтүлгөндөн алда канча аз. Мындан улам министрликтин ал маалыматы туура эмес", деп айтылат билдирүүдө.

Мунун алдында Финансы министрлиги 2021-жылы президент чыгарган жарлыктын аткарылышы тууралуу маалымат берген. Анда былтыр судьялардын айлыгын орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулаганы жазылган. Аскер кызматкерлериники орто эсеп менен 21 миң сомдон 28 миң сомго чейин, ал эми медицина кызматкерлериники 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин, маданият кызматкерлериники 7 миң сомдон, 11 миң сомго чейин көтөрүлгөн.

Улуттук статистика комитетинин эсебине ылайык, 2021-жылы республикада орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 19 миң 586 сом (231,6 АКШ доллары) болду. Мекеме өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу орточо маяна 9% өскөнүн белгилеген.

Өлкөдө былтыр азык-түлүк, күйүүчү май жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG