Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

ЖК Бакирова менен Дүйшеевдин кызматтан кетүү арызын канааттандырды


Нургүл Бакирова кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу 31-январда президентке арыз жолдогон.
Нургүл Бакирова кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу 31-январда президентке арыз жолдогон.

Парламент 2-февралдагы жыйынында Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды.

Алардын арызына байланыштуу президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарга кайрылды.

Карыбек Дүйшеев бул кызматка 2019-жылы июлда дайындалган. Ал соңку чечими тууралуу комментарий бере элек. Конституциялык палата тогуз судьядан турат.

Нургүл Бакирова кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу 31-январда президентке арыз жолдогон. Ал кызматка былтыр апрелде шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.

Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Жогорку соттун судьясы катары Бакирова коомчулуктун калың катмарына эки жыл мурдагы октябрь окуяларынан кийин таанылган.

2020-жылдын 6-октябрында абактан тарапкерлери бошотуп чыккан Садыр Жапаровдун "адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Жогорку сотко төрайымы болуп шайланганын ушул чечими менен байланыштыргандар болгон, бирок аны Бакирова четке кагып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG