Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. метр кубдан төмөндөдү


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. метр кубдан ылдый түштү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

2-февралга карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд. 995 млн. метр куб суу бар. Былтыр ушул маалда 10,6 млрд. метр куб суу болгон.

Былтыр март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард метр кубга чейин азайган. Энергетиктер керектөөлөр өскөнүн эске алганда, кыштан кийин - 2022-жылдын 1-апрелине барып, суунун көлөмү 6 млрд. метр кубга чейин азайышы мүмкүн деп болжойт.

Өкмөт Токтогул гидроэлектр станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада кылууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып, Түркмөнстандан импорттоп жаткан. 25-январда Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесинде болгон авариядан кийин Кыргызстан андан чыгып, өз алдынча электр энергиясын берип жатканын билдирген.

"Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чектөө киргизген.

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен. (МТа)

XS
SM
MD
LG