Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

COVID-19: Норвегияда чектөөлөр алынды


Франциядагы анализ тапшыруу борбору. Архивдик сүрөт
Франциядагы анализ тапшыруу борбору. Архивдик сүрөт

Норвегия COVID-19га каршы чектөөлөрдү алып салган скандинавиялык экинчи өлкө болуп калды. "Омикрон" жайылып жатканы менен ооруканаларга түшкөндөр, оор бейтаптар анча көбөйгөн жок.

Норвегияда калктын басымдуу бөлүгү – 91% толук эмделген. Премьер-министр Йонас Гар Стор "вирус менен жашоого туура келерин" билдирди.

1-февралда Дания беткап тагынып жүрүү, коомдук жайларга тесттин жыйынтыгы же вакцинация документи менен кирүү өңдүү бардык эпидемиолгиялык чектөөлөрдү алып салган.

Шенгендин сыртынан барган эмделбеген кишилер үчүн чек араларда айрым чектөөлөр кала берет.

Коронавируска чалдыккандар көбөйгөнүнө карабай, Франция, Ирландия, Британия да айрым чаралардан баш тартууда.

Франция көчөдө беткап тагып жүрүүгө милдеттендирген эрежени алып салды.

Шейшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус чектөөлөрдү бара-бара, акырындык менен алуу керектигин эскертти:

"Омикрон алгач катталган 10 жумадан бери вирустун бул түрүн 90 миллиондой киши жугузуп алганы тууралуу маалымат биздин уюмга келип түштү. 2020-жылы 12 айда мынча көп учур катталган эмес эле. Дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде илдеттен көз жумгандар көбөйүп жатканы тынчсыздандырат".

Бээжиндеги кышкы Олимпиадага эки күн калган маалда уюштуруучулар инфекция жугузуп алгандар азайары күтүлгөнүн билдиришти. 2-февралда Кытай башкалаасынын аэропортунда алынган анализдер текшерилгенде 15 кишиден коронавирус табылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG