Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Азербайжан туткундагы сегиз армян жоокерин бошотту


Азербайжан бошоткон армениялык аскерлер. Ереван аэропорту. 7-февраль, 2022-жыл
Азербайжан бошоткон армениялык аскерлер. Ереван аэропорту. 7-февраль, 2022-жыл

Азербайжан армениялык сегиз жоокерди бошотту. Бакунун расмий өкүлү бул кадамга “гуманитардык принциптерге” таянып барышканын 7-февралда билдирди.

Аскерлер былтыр чек арадагы кагылышуулар маалында туткундалган. Азат кылынып, Ереванга өткөрүлгөндөр үчүн Франция учак жөнөткөнүн президент Эммануэл Макрон "Твиттердеги" баракчасында жазды. Буга чейин азери бийлиги былтыр 16-ноябрдагы кагылышууда алардын жети жоокери курман болгонун маалымдаган. Армения ошондо алты жоокери окко учканын, 30дан көбү туткундалганын билдирген. Эки кошуна өлкөнүн чек арасында абалдын курчугандан кийин эл аралык коомчулуктун демаркация жараянын баштоо чакырыктары күчөдү.

2020-жылы күзүндө Тоолуу Карабактын айланасындагы уруш Москванын арачылыгы менен токтотулган, орусиялык 2 миңдей жоокер аймакка жайгаштырылган.

Азербайжан жикчил аймактын бир топ бөлүктөрүн кайра өз карамагына кайтарып алды. Ал жерлер 1994-жылдан бери Армениянын көзөмөлүндө болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG