Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Бээжин 2022: орусиялык спортчунун кызытма тести күмөн жаратты


Чемпиондук наамды жеңген орусиялыктар
Чемпиондук наамды жеңген орусиялыктар

Бээжин Олимпиадасында көркөм муз тебүү боюнча командалык жарышта байгелүү орун алган спортчуларга медаль тапшыруу аземинин мөөнөтү дагы жылып калды.

Маалыматтарга караганда, чемпион болгон орусиялыктардан алынган кызытма тестинин жыйынтыгы күмөн жаратууда. Ал анализ оюндар баштала электе алынган. Бирок атлеттин аты-жөнү айтылган жок. Салтанаттын жылып калганын Эл аралык Олимпиада комитети да тастыктады. Орусиянын Көркөм муз тебүү федерациясы комментарий берүүдөн баш тартты.

Кызытма жаңжалынан улам санкцияга кабылган Орусиянын командасы Олимпиада комитетинин желеги алдында жарыштарга чыгып жүрөт. 7-февралда орусиялыктар алтын жеңген. Медалдар 8-февралда тапшырылмак, бирок азыркыга чейин азем өтө элек.

Орусиянын атынан жарышка Марк Кондратюк, Камила Валиева, Анастасия Мишина менен Александр Галлямов, Виктория Синицина менен Никита Кацалапов катышкан. Экинчи орунду АКШ, үчүнчүнү Жапониянын командалары уткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG