Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Москва: элчилик өрттө жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарынын Коммунарка кыштагындагы өрттөн жабыр тарткан беш кыргызстандык тууралуу 12-февралда маалымат таратты. Элчиликтин маалыматына караганда, 2021-жылдын 28-декабрында болгон кырсыкта 40 жаштагы жаран газга ууланып каза болгон. Дагы бирөө денеси күйүп ооруканага жаткырылган. Дагы үч жаран жабыркаган, алар ишин улантып жатышат.

"Жабыркаган жарандардан толук маалымат алуу жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, Орусиянын аймактык укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү органдарынын өкүлдөр менен жолугушкан. Тийиштүү кызматкерлердин берген маалыматына караганда, алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өрт жер астындагы кабелдерди тартуу жана изоляциялоо боюнча убактылуу жумуштар жасалып жаткан бөлмөдө жылытуучу радиаторунун жарылуусунан келип чыккан", - деп жазылган элчиликтин маалыматында.

Элчиликтин жардамы менен өрт кырсыгынан жабыркаган жарандардын айлык маянасы төлөнүп берилген. Кырсыкта каза болгон жарандын сөөгү иш берүүчүнүн эсебинен туулган жерине жиберилген.

Жараат алып ооруканада жаткан жаранды дарылоо жана ден соолугун калыбына келтирүү үчүн компенсацияны этап-этабы менен төлөп берүү жөнүндө макулдашууга жетишилгени маалыматта жазылган.

Буга чейин анын жубайы Гүлзат Алыбаева "Кактус Медиага" кайрылып, элчилик жана юристтер жардам бербей жатканын, полиция ишти жаап, иш берүүчүлөрдүн дайыны жок экенин айткан.

Элчилик бул маалыматты четке кагып жатат.

Орусияда расмий 600 миңдей кыргызстандык иштеп жүрөт. Бейрасмий алардын саны миллиондон ашык экени айтылып келет.

“Печатный экспресс” басмаканасында 2016-жылы 27-августтун таңында болгон өрттөн ал жакта иштеген 17 адам, анын ичинде Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG