Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Пентагон Орусиянын дооматын четке какты


АКШнын суу астында сүзүүчү кемеси.
АКШнын суу астында сүзүүчү кемеси.

Пентагон Орусиянын Коргоо министрлигинин АКШнын суу астында жүрүүчү атомдук кемеси Курил аралдарына жакын жердеги чек ара аймагына кирди деген маалыматын четке какты.

"Америка Кошмо Штаттары Орусиянын аймактык сууларында операцияларды жүргүзгөн жок", - деп билдирди Пентагондун өкүлү, капитан Кайл Рэйнс Reuters агенттигине берген комментарийинде.

"Орусиянын дооматтарында чындык жок. Мен биздин суу астындагы кайыктарыбыздын жайгашкан жери боюнча комментарий бере албайм", - деди Кайл Рейенс.

Бул билдирүү Орусия америкалык суу астында сүзүүчү кайыкты өз аймагынан кууп чыкканы тууралуу тараткан маалыматынан кийин жасалды.

Орусиянын Тынч океан флотунун машыгуусу учурунда суу астындагы кеме байкалып, ага дароо аймактан чыгып кетүү талабы коюлганын "Интерфакс" агенттиги Коргоо министрлигине шилтеме берип билдирген.

Москва буга байланыштуу Вашингтонду эл аралык мыйзамдарды бузуп, улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатат деп айыптаган. Анда АКШнын Орусиядагы элчилигинин аскердик атташеси чакырылып, ага ушуга окшош жагдайлар кайталанса, анда катуу чара көрүлөрү эскертилип, нота тапшырылган.

Бул окуя Орусия Украинага жакын жерде аскер күчтөрүн көбөйткөнүнө байланыштуу Москва менен Вашингтондун мамилеси чыңалган учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG