Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Орбан Венгриянын Евробиримдиктен чыгышы ыктымалдыгын кыйытты


Виктор Орабан, Венгриянын премьер-министри.
Виктор Орабан, Венгриянын премьер-министри.

Венгриянын оңчул улутчул премьер-министри Виктор Орбан өзү жетектеген өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйытты. Бул тууралуу ал биринчи жолу айтып чыкты.

Жылдык кайрылуусунда быйыл 3-апрелде Венгрияда парламенттик шайлоо өнөктүгү башталарын белгилеген Орбан, Евробиримдик мыйзам үстөмдүгү урааны астында “ыйык согуш, жихад” жүргүзүп жатканын айтты.

Ошол эле маалда 12-февралда Будапешттеги тарапкерлерине Евробиримдик Венгрияга “толеранттуулук” көрсөтүүсү керектигин билдирди. Болбосо, Орбандын айтымында, орток жолду улантуу мүмкүн эмес.

Ал Люксембургда жайгашкан Европа Сотунун (ECJ) Евробиримдиктин каражаттарынын бөлүнүшүн мүчө мамлекеттердеги мыйзам үстөмдүгү менен байланыштырган жаңы механизм боюнча чечим чыгарардан бир нече күн мурун сүйлөдү.

Венгрия менен Польша 2020-жылдын декабрында кабыл алынган механизмге каршы даттанышты, ага ылайык, мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин бузган өлкөлөр Евробиримдиктин жалпы бюджетинен ажыратылат.

Европа сотунун чечими 16-февралда чыгарылат.

Евробиримдиктин органдары жана укук коргоо уюмдары Венгрияны 2010-жылдан бери башкарып келген Орбанды демократияга жана мыйзам үстөмдүгүнө кол салууда деп айыптоодо.

Орбан айыптоолорго каршы чыгып: «Алар үчүн мыйзамдын үстөмдүгү бизди өздөрүнө окшош бир нерсеге айлантууну каалаган каражат», - деди.

Анын айтымында, Венгрия “маданий бөтөнчүлүктүн күчөшүнө карабастан” Евробиримдиктин бүтүндүгүн сактап калгысы келген. Ушундан улам Будапешт Брюсселге бир нече жолу «толеранттуулук сунуштарын» киргизген.

Венгриянын 80% жакыны 27 өлкөнүн блогуна өз өлкөсүнүн мүчө болушун жактайт.

Орбан алдыдагы шайлоодо биринчи жолу бириккен оппозицияга туш болууда

XS
SM
MD
LG