Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Венгрия Европа Биримдигинен чыгуу демилгесин төгүндөдү


Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин картасы.
Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин картасы.

Венгриянын өкмөтү билдирүү таратып, премьер-министр Виктор Орбандын Европа Биримдигинен чыгуу тууралуу айтканын төгүндөдү.

Орбандын басма сөз катчысы Золтан Ковач твиттерге жазган постунда германиялык dpa маалымат агенттиги “жаңылды” деп маалымдады. “Премьер-министр Виктор Орбан Евробиримдиктен чыгуу идеясын кыйыткан эмес. Биз тескерисинче ЕБ менен бирге калгыбыз келерин, чогуу болсок гана анын келечеги бар экенин айтты”,-деп жазды ал.

Венгриянын оңчул улутчул премьер-министри Виктор Орбан өзү жетектеген өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйытканын эл аралык dpa маалымат агенттиги 12-февралда жазган. Ал мындай оюн парламенттик шайлоого байланыштуу жолугушууларда айтканы белгилүү болгон.

Виктор Орбан жылдык кайрылуусунда быйыл 3-апрелде Венгрияда парламенттик шайлоо өнөктүгү башталарын белгилеп, Евробиримдик мыйзам үстөмдүгү урааны астында Венгрияга каршы “ыйык согуш, жихад” жүргүзүп жатканын айтты. Ошол эле маалда 12-февралда Будапешттеги тарапкерлерине Евробиримдик Венгрияга “толеранттуулук” көрсөтүүсү керектигин билдирди. Орбандын айтымында, ансыз орток жолду улантуу мүмкүн эмес.

Венгриянын өкмөт башчысы эгер Орусия Украинага кол салса коңшу өлкөдөн качкындар келиши ыктымалдыгын эскерткен. Ал Венгрия согушту болтурбоону жактай турганын, бирок ошол эле маалда Орусияга каршы ЕБдин санкцияларына каршы экенин айткан.

Виктор Орбан Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси жакын. Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийинки Евробиримдиктин Москвага карата санкцияларына Орбан ачык эле каршы чыгып келген.

Экономикалык жана саясий бирикме саналган Европа Биримдигинде учурда 27 мамлекет мүчө. Венгрия уюмга 2004-жылы кошулган. Соңку сурамжылоолорго ылайык, венгриялыктардын 80% жакыны өлкө ЕБде калышын жактайт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG