Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, экономикага байланыштуу суроолорго жооп берди.

12:58 15.2.2022

Акылбек Жапаров: 8 млн. сомго чейин кирешең болсо сага эч ким тийишпейт, андан ары болсо мамлекетке берип туруу керек. Биз этти кимден алып жатабыз деп жатабыз. Миң бука багып сатып жаткан кишиден салык алалы, базарда эт сатып отурган кишиге тийбей эле коелу. Товардын эсеби керек да бизге. Жетим-жесирлердин куну - бул салык.

12:56 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Кумтөр менен сүйлөшүү бүтсө эле, алтынды сатуу үчүн good delivery лицензиясы кайтарылат деп үмүттөнөм.

20 жыл ичинде биз дүйнөнүн артта калган машинесинин баарын алып бүттүк. Оң рулдуу автоунаалардын көбөйүшүнө каршымын. Биз машинелердин баарын электрге өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек.

12:47 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Өткөн жылы 840 миң кагаз сатып алган экенбиз. Быйыл мамлекет башчы баш болуп электрондук документке өтүп жатабыз. Менин жашым улуу, калемсап менен жазганга көнүп калыпмын. Ошол себептүү кагаз менен иштегенге уруксат беришти. 1-июнга чейин электрондук документке менен иштегенди үйрөнүүгө аракет кылып жатам.

12:44 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Өкмөт дыйкандардын бир да жерине көз арткан жок. Болгону арендага алган жерлердин мөөнөтү бүтсө, үрөн чарбаларын түзөлү деп жатабыз. Бизде үрөндүн сапаты түшүп кетти. Ошол жерге үрөн өстүрүшсүн, аларга эч ким тийбейт.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG