Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Прокуратура “Крым.Реалии” сайтынын кабарчысына 11 жыл сурады


Владислав Есипенко.
Владислав Есипенко.

Орусия аннексиялап алган Крымдын прокуратурасы “Крым.Реалии” сайтынын штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенкону 11 жылга камакка алууну соттон өтүндү.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” долбоорунун фрилансери "гранатаны мыйзамсыз сактаган жана ташыган" деп айыпталып жатат.

Орусия жана Украинанын жараны Владислав Есипенко былтыр мартта украин атайын кызматтарынын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен Крымда кармалган. ФСБ шектүүнүн автоунаасынан “жардыргыч затка окшош” буюм табылганын жана ал күнөөнү моюнуна алганын жарыялаган.

Есипенкого көз карандысыз адвокаттарды бир айча жолоткон эмес. Айыпталуучу алгач күнөөсүн моюнуна алган, кийин андан баш тарткан. Есипенко моюнуна алган көрсөтмө алуу үчүн аны кыйноого алышканын, кармоо учурунда жанына граната салып коюшканын билдирген.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай ошол учурда “Кремл аннексияланган Крымдагы альтернативдүү булактарды коркутуп, куугунтуктап жаткан маалда Есипенконун кармалышы терең кабатырлануу жаратат. Ал тезинен бошотулушу керек”, - деп билдирүү тараткан.

Дүйнөдө радионун 23 сервиси 27 тилде ишмердүүлүк жүргүзөт. “Крым.Реалии” долбоору 2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин ачылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG