Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Түркмөнстан: мурдагы саясий туткун шайлоого катышарын жарыялады


Гелди Кяризов.
Гелди Кяризов.

Мурдагы саясий туткун Гелди Кяризов Түркмөнстандагы президенттик шайлоого катышууну чечкенин билдирди. Анын видео кайрылуусун “Түркмөнстандын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери” аттуу укук коргоо уюмунун Turkmenyurt.tv сайты жарыялады.

Кяризов мындай чечимди президенттик кызматка азыркы мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар катышары жарыялангандан кийин кабыл алганын айтты. Ал өлкөдө “бийлик фараондордун доорундагыдай династиялык формада атадан балага өтпөшү керектигин” билдирди.

“Иш жүзүндө алар мамлекетти бир жылдан бери чогуу башкарып жатышат, алардын ар биринин өзүнүн хан сарайы бар жана ар бири президенттик “Боинг” учактарына ээ. Башкача айтканда, алар мамлекетти каалашынча калчап жатышат. Биз аны көрүп жатабыз, тилекке каршы көпчүлүк калк көргөн көзүнө ишене албай жатат. Бул нерсе элдин акылына да, көкүрөгүнө да сыйбай турат”,-деген Гелди Кяризов. Оппозиционер элди “залимдикти жеңүү үчүн чогуу күрөшүүгө” чакырды.

Гелди Кяризов – түркмөн саяпкери, ал ахалтекин тукумундагы жылкыларды өркүндөтүү аракети менен белгилүү болгон. Мурдагы президент Сапармурат Ниязовдун тушунда жылкы боюнча министрликти жетектеген. 2002-жылы бийлик ага ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана аткезчилик боюнча айып таап, алты жылга камакка алган. Укук коргоочулар Кяризовдун иши жасалмаланганын айтып чыгышкан.

Саяпкер түрмөдө беш жарым жылдан ашык убакыт кыйноого кабылган, 2007-жылы президент Гурбангулы Бердымухаммед ага ырайым берген. Кяризов абактан чыгарылганы менен өлкөдөн сыртка чыгууга уруксат берилген эмес. 2015-жылы эл аралык укук коргоо уюмдарынын жардамы менен үй-бүлөсүн алып Москвага чыгып кеткен.

11-февралда Түркмөнстанды дээрлик 15 жылдан бери башкарып келе жаткан, 64 жаштагы авторитардык лидер Гурбангулы Бердымухамедов “жаш лидерлерге жол берүү ниети" бар экенин айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Аны улай 12-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоону 12-мартка белгилеген.

Түркмөнстандын Демократиялык партиясы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедовду өлкөдөгү негизги саясий кызматка талапкер кылып көрсөттү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG