Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

АКШ жана НАТО: орус аскерлеринин артка тартылганы байкала элек


Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Крымдан мурдагы ордуна кайтып жатканын 16-февралда билдирип, сүрөт жарыяланган
Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Крымдан мурдагы ордуна кайтып жатканын 16-февралда билдирип, сүрөт жарыяланган

АКШ менен НАТО уюму Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын билдирди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти менен Ак үйдүн маалыматтарында айтылды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 16-февралда альянстын коргоо министрлеринин Брюсселдеги отурумунан кийинки басма сөз жыйынында, Орусия менен Украинанын чек арасындагы кырдаал Европадагы коопсуздук маселесин козгогонун айтты. Отурумда уюмга мүчө мамлекеттердин министрлери Москваны Украинанын чек арасына аскерлерин токтотууга чакырган билдирүү кабыл алышты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 16-февралда Мариуполго барган учурда, Киев орус аскерлеринин орун которуусун гана байкаганын, бирок артка кайтуусу аныкталбаганын айтты.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган. 16-февралда болсо Крымдагы аскерлери мурдагы орундарына кетип жатканын кабарлаган.

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын тегерегиндеги маселелер боюнча жасаган билдирүүсундө тескерисинче чек арадагы аскерлер 130 миңден 150 миңге чейин жеткени айтылган.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Орусия ага каршылык билдирип, Украинанын чек арасына аскерлерин жыйнай баштаган. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Кремл аны четке кагып келатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG