Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев он күндүн ичинде калкка 350 миң кой-эчкини кооперативдик негизде таратып берүүнү буйруду. Бул тууралуу мамлекет башчы өлкөдөгү мал чарбачылыкты өнүктүрүү боюнча жыйында жарыялаганын “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.
Президент бул үчүн бюджеттен 100 миллион доллар бөлүнөрүн маалымдады. Облус жана райондордун жетекчилери бир аптада 67 ири кой жана эчки фермаларын уюштурушу керек. Бул тармакка жылына 150 миңдей адам тартылары кабарланды.
Мирзиёев мурдараак калкка тоок, өрдөк-каз таратып, үй канаттуулардын чарбасын өнүктүрүү боюнча да тапшырмаларды койгон. Мамлекет башчы ошондой эле эгин талааларын жакшылап иштетүү менен калктын турмушун оңдоону талап кылган. Мындай чечимдер өлкөнүн айыл чарбасын жана мал чарбасын өнүктүрүүгө кандай таасир эткени азырынча белгисиз.
2021-жылдын апрель айында Самарканд облусунун Нура-Абад районунда койчулар короо койду администрациянын аймагына айдап киришкен. Нааразылыкка жайыттар атайын тизме аркылуу ар кайсы фирмаларга берилип кетип, чабандар кой жаюуга жайытсыз калганы себеп болгон. Тизмеге кирген жайыттарды алган фирмалар көбүнчө аткаминерлерге тиешелүү экени айтылып келет. (ErN)