Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

COVID-19: үч адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада (19-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 32 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 23 киши.

  • Чүй облусу – 2
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Ош облусу - 1

Калган аймактарда вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2942 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG