Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Москвада согушка каршы пикетке чыккан укук коргоочулар кармалды


Москвада Украинага кол салууга каршылыгын билдирип чыккан укук коргоочу Лев Пономаревду полиция кармап баратат. 20-февраль, 2022-жыл.
Москвада Украинага кол салууга каршылыгын билдирип чыккан укук коргоочу Лев Пономаревду полиция кармап баратат. 20-февраль, 2022-жыл.

Москванын Пушкин аянтына Украинга каршы согушка каршылыгын билдирип пикетке чыккан бир нече укук коргоочуну полиция кармап кетти. Алардын арасында Лев Пономарев, Михаил Кригер жана Юрий Самодуров бар. Укук коргоочулар «Бомбадан көрө мектептер жана окуучулар!», «Орусия, Украиндан колуңду тарт!», «Украина менен согушка жок!» деген жазууларды көтөрүп турушту.

Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк Элдик Республикасы" жана "Луганск Элдик Республикасы" деп атап алган аймактардын жетекчилери соңку күндөрү Киев тараптан аткылоо күч алганын билдирип, Орусиянын Ростов аймагында тургундарды көчүрө башташты.

Киев мындай дооматтарды четке кагып, Орусия Украина менен чек арага жакын аймакка 150 миңдей аскерин тартып, кол салууну көздөп жатканын билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG