Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Жуматаева: пенсиялык саясатты өзгөртүү жол-жобосу даярдалып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 21-февралдагы жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорду экинчи окууда карады. Анда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева документти кароону кийинкиге калтыруу тууралуу өтүнүч келтирди жана муну пенсиялык саясатты өзгөртүүнүн жол-жобосу даярдалып жатканы менен түшүндүрдү.

"Биз Каржы министрлиги менен карап чыктык. Бүгүнкү күндө механизмдерин карап жатабыз. Биз категориялык принциптерден артка кайтып, бардык пенсионерлердин стажына, кошкон салымына жараша мындан ары пенсиялык саясат жүргүзсөк деген ойдобуз. Механизмдерин иштеп чыгабыз, бул жай айларына чейин созулат, анткени баарын дыкат карап чыгышыбыз керек болуп жатат. Финансы министрлиги менен бир чечимге келгенден кийин ушул мыйзамды карасак".

Буга чейин Жуматаева Кыргызстанда пенсияга жеңилдетилген шартта эрте чыгуу укугун алып салуу караштырылып жатканын, Соцфонд мындай популярдуу эмес чарага барууга аргасыз экенин билдирген. Анда ушул тушта пенсионерлердин 40% жеңилдетилген шартта ардактуу эс алууга чыккандар экенин, арасында 13 жыл, 8 жыл эрте пенсияга чыгып алгандар бар экенин белгилеген. Ошондой эле иштеп да, пенсия да алып жаткандар көптүгүн айткан.

"Чындап үйдө отурган карыларга алгылыктуу пенсияга акча жетпей калып жатат. Азыр мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатабыз. Бул популярдуу эмес чара, бирок ага барбасак болбойт. Жеңилдик менен пенсияга чыгуучулардын мөөнөтүн жок дегенде этап-этабы менен алты айдан болсо да жогорулатуу керек. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу дегенди да таптакыр жок кылалы деп жатабыз – аялдарга 58, эркектерге 63 жаш деп”, - деген Жуматаева.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыр 714 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 51% (365 миң 966 адам) жашоо минимумунан жогору өлчөмдө, ал эми 49% (348 миң 623 адам) бул көрсөткүчтөн төмөн пенсия алат.

Жашоо минимуму 5800 сомдун тегерегинде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG