Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:39

Мектептерде медбөлмөлөрүн ачуу үчүн жабдууларга 350 миллион сом керек


Кыргызстанда жалпы 2 227 орто билим берүүчү мектеп бар жана алардын көбүндө медициналык жардам көрсөтүлгөн бөлмөлөр, дарыгерлер жок.
Кыргызстанда жалпы 2 227 орто билим берүүчү мектеп бар жана алардын көбүндө медициналык жардам көрсөтүлгөн бөлмөлөр, дарыгерлер жок.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 21-февралдагы жыйынында окуучулардын саламаттыгына кам көрүү маселеси көтөрүлдү. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ар бир мектепте медицина бөлмөлөрүн ачуу каралган токтом каражаттын айынан ишке ашпай жатканын билдирди.

"Бул маселени бир жыл мурда чечилди деп ойлогонбуз. Саламаттык сактоо министрлиги менен "Мектептик медицина" деген токтомдун долбоору иштелип чыккан. Анда ар бир мектепте медициналык бөлмөлөр ачылып, медициналык кызматкерлердин штаты, алардын айлыгы чечмлмек. Ал долбоорду макулдашуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөттүк. Акча маселесине келгенде Финансы министрлиги менен иштеп туруп калдык. Медицина бөлмөлөрүнө керектүү жабдууларга мисалы 350 миллион сом керек экен. Маселе акчадан улам гана чечилбей жатат".

Кыргызстанда жалпы 2 227 орто билим берүүчү мектеп бар жана алардын көбүндө медициналык жардам көрсөтүлгөн бөлмөлөр, дарыгерлер жок. Окуучулардын саны 600 миңден ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG