Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоору даярдалды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Той-аш өткөрүүдөгү эрежелер камтылган мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн 200гө чейин, үйлөнүү тойлоруна 200дөн 300гө чейин адам катышуусу керек. Үйлөнүү тойлорунда үчтөн ашык эмес жеңил машине колдонулат.

Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз жана бодо мал союлбайт. Маркумдун элесине арналган иш-чаралар 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт.

Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо иштен алынат деп жазылган. Мыйзам долбоорун толук бул жактан окуңуз. Мыйзамдын демилгечиси катары депутат Улукбек Ормонов көрсөтүлгөн. Документтин негиздемесинде ал ысырапкорчулукка каршы жана пандемияга байланышуу экени жазылат.

28-февралда "Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттик угуу өткөрөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG