Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Украин-Орусия кризиси: Байден менен Путин жолугат


Жо Байден менен Владимир Путин биринчи кездешүүсүндө. Женева, Швейцария. 16-июнь, 2021-жыл.
Жо Байден менен Владимир Путин биринчи кездешүүсүндө. Женева, Швейцария. 16-июнь, 2021-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путин жакын арада жолугушуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки кабарлады.

24-февралда Кошмо Штаттардын мамкатчысы Энтони Блинкен менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кездешет. Мамлекет башчылар ошондон кийин жолугушат, анын так датасы айтылган жок. Президенттер былтыр июнда Женевада жолуккан.

Байден менен Путинди жолуктуруу идеясын Франциянын президенти Эммануэл Макрон сунуштаган. Ал эки күн мурун өзү ар бир президент менен өз-өзүнчө телефондон сүйлөшкөн эле. Анда Украина менен чек арага жыйналган орус аскерлерин артка тартуу маселеси кеп болгон.

Жо Байден 18-февралдагы билдирүүсүндө Путин Украинага “мына-мына кол салууга даярданып жатканын, жакын арада чабуул жасашы мүмкүндүгүн” айткан. Америкалык президент эгер Москва кол салса Вашингтон жана анын Батыштагы өнөктөштөрү Орусияга санкцияларды саларын эскерткен.

Учурда Украинанын чек арасында Орусиянын 150 миңдей аскерлери жыйналып турат. Москва мындан сырткары Беларуста 20-февралда аяктамак болгон аскердик машыгууну да улантууну чечти. Бул жагдай батыш өлкөлөрүн чочутууда. Кремл Украинанын НАТОго кирүүсүнө каршы чыгып жатат, Киев жана Батыш Украина эркин өлкө экенин, ал каалаган уюмга кирүүго укугу бар экенин билдирип келет.

Өткөн аптанын бейшембисинен баштап Украинанын чыгышында – Донбасста атышуулар күчөп жатат. Жикчилдер Украинанын бийлигин айыптаса, Киев тескерисинче жикчилдерди күнөөлөп келет. Батыш өлкөлөрү Донбасстагы жаңжалды чагым катары пайдалануу менен Орусия Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусия тескерисинче украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат деп Киевди айыптоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG