Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:35

Былтыр 577 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 21-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Аталган комитет "Кыргызстандын жарандыгы жөнүндө" жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун карап, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Бул долбоордо этникалык кыргыздардын жана кыргыз тектүү жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу чаралары каралган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан 65 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт жана алардын 15 миңдейи "кайрылман" макамын алган.

Өткөн айда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2253 адамга (1724ү чоңдор, 529у балдар) жарандык берилген. Алардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзгөн. Жалпысынан атуулдук алуу тууралуу 2497 арыз түшкөн.

Садыр Жапаров былтыр июль айында этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган, мындай норма ушул жылдын аягына чейин иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG