Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

Аба ырайы: Ош менен Баткендин тоолуу аймактарында кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 22-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ош менен Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 9…14;

Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…+2;

Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -4…-9 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 12…14 градус болот.

XS
SM
MD
LG