Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Евробиримдиктин министри Босния-Герцеговина экиге бөлүнүп калышы мүмкүндүгүн эскертти


Босния жана Герцеговина мамлекетинин картасы.
Босния жана Герцеговина мамлекетинин картасы.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы өкүлү Жозеп Боррел блоктун тышкы иштер министрлеринин отурумунда Босния жана Герцеговина бөлүнүп калышы мүмкүндүгүн эскертип, мунун алдын алуу үчүн ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

“Босния жана Герцеговинадагы улутчулдар менен жикчилдердин үнү улам күчөп баратат жана керек болсо өлкөнүн стабилдүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө коркунуч жаратат. Ошондуктан Босния жана Герцеговинадагы бул динамиканы токтотуу жана өлкө экиге бөлүнүп калышын алдын алуу үчүн министрлер чукул чечимдерди кабыл алышы керек”, - деди ал.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Брюсселде саммит өткөрүп жатышат. Анда Босния жана Герцеговина менен Украинадагы кырдаал талкууланары айтылган.

Жозеп Боррел Босния жана Герцеговинадагы кырдаал боюнча маселени 20-февралда Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференциясында да көтөргөн. Анда ал босниялык хорват улутчулдары алдыңкы шайлоолорду жокко чыгарып, бул тынчыбаган өлкөдө өз алдынча мамлекет түзүүнү айтып, коркутуп жатышканын билдирген.

Босния жана Герцеговина 1992-жылы мурдагы Югославия мамлекетинен бөлүнүп, өз алдынча эгемен өлкө болгон. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

Өлкөдө негизинен мусулман босниялыктар, православ сербдер жана католик хорваттар жер талашып согушат. Аталган мамлекетте өткөн айдан баштап кайрадан саясий кризис башталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG