Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Михаил Саакашвили кайрадан ачкачылык жарыялады


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Грузиянын абакта жаткан мурдагы президенти Михаил Саакашвили кайрадан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал дүйшөмбү күнү Тбилисидеги соттук отурумда билдирип, өзүнүн укуктары бузулуп жатканына каршы акция экенин маалымдады.

Саакашвили бир нече айдан бери ага дарыгерди киргизбей жатышканын, өзүн кабыл алуу үчүн Европадан жана АКШдан келген невролог менен невропатологдор менен жолугуша албай жатканын даттанды. Ал тиешелүү консилиум өткөрүлүп, медициналык жардам көрсөтүлүшүн талап кылды.

Михаил Саакашвили миллиардер Бидзина Иванишвилинин азыр бийликти башкарып жаткан “Грузин кыялы” партиясы аны майып кылууга аракеттенип жатканын, ал тургай “Путиндин пайдасы” үчүн аны өлтүрүп да коюшу мүмкүндүгүн айтты.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили биринчи ачкачылык акциясын былтыр октябрда жарыялаган. Адегенде ал кылмыш иштерин жабууну талап кылып келсе, кийин кадимки ооруканага которууну талап кылган. Анда Саакашвили 50 күн ачкачылык кармап, эс-учун жоготкондон кийин, 20-ноябрда токтоткон. Натыйжада ооруканага которулуп, бир сыйра дарыланып чыккан.

Мекенинде эки кылмыш иш боюнча сыртынан кесилген экс-президент 29-сентябрда Грузияга кайтып келери менен кармалган. Ага президент болуп турганда кызматынан кыянат пайдаланган деген айып тагылган. Азыр анын үстүнөн дагы бир сот жүрүүдө.

Былтыр оппозиция Саакашвили саясий жүйө менен куугунтукталып жатканын айтып, бир нече депутат тилектештик иретинде ачкачылык жарыялашкан. Евробиримдиктин бир катар мыйзам чыгаруучулары, Латвия жана Украинанын мурдагы президенттери грузин бийлигин Саакашвилини эркиндикке чыгарууга чакырышты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG