Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Сокулукта сабалган наристе ооруканадан чыгарылды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Сокулукта февраль айынын башында сабалып, ооруканага түшкөн баланы азырынча чоң энеси багат. Бала ооруканадан 22-февралда чыгарылганын “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” маалымдады.

“Бүгүн ооруканадан чыгарылып, чоң апасынын колуна берилди. Соттун чечими чыкканча ата-энесинин укуктары чектелды. Бишкектен чоң апасы менен балага эки бөлмөлүү батирди ижарага алып бердик. Бала 5-6 ай реабилитациядан өтүшү керек. Тергөө жүрүп жатат”, - деди Турдубекова.

3-февралда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган. 7-февралда 1 жаш 8 айлык Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG