Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Өкмөт айрым азык-түлүктөрдү кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштады


Базарда азык-түлүк ташып бараткан соодагер. Кыргызстан. (Иллюстрация сүрөт)
Базарда азык-түлүк ташып бараткан соодагер. Кыргызстан. (Иллюстрация сүрөт)

Министрлер кабинетинин сайтындагы коомдук талкууга коюлган токтом долбоорунун негиздемесинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөда товардын баасын турукташтырууга багытталганы жазылган. Токтом долбоору кабыл алынса төмөнкү товарларды ташып келүүдө кошумча нарк салыгы убактылуу алынбайт. Алар кум шекер, кант камышы, өсүмдүк майы, инкубация үчүн тоок жумурткасы, арпа, балыктын жана мал-жандыктардын айрым тоютунун түрлөрү.

Товардын түрлөрү жана убактылуу жеңилдиктин мөөнөтү боюнча кенен маалыматты бул жактан окуңуз.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо өкүм сүрүп турган чак. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция өткөн жылы 9,7% деп эсептелгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG