Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду


Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон.
Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон.

Москванын Донбасстагы жикчил “республикаларды” таануу аракетине байланыштуу АКШнын, Улуу Британиянын жана Евробиримдиктин мүчөлөрүнөн артынан дагы бир нече мамлекеттер Орусияга санкцияларын күчөтөрүн жарыялашты.

Австралия шаршемби күнү Кошмо Штаттардын жана британ өкмөтүнүн билдирүүлөрүн колдоп, алар да орус банктарына санкция саларын жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин сегиз мүчөсүнө өлкөгө кирүүсүнө чектөө коёрун маалымдады. Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон муну потенциалдуу санкциялардын биринчи бөлүгү деп атады.

Жапон премьер-министри Фумио Кисида да бул күнү Орусияга каршы чараларды тактап, орус өкмөтүнүн финансылык операцияларын тыюу салды.

Өнөктөш мамлекеттердин “экономикалык санкцияларынын биринчи раундунун” катарында Канада да санкция саларын кабарлады. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо билдирип, Орусиянын Украинага аракеттерин демократияга жана дүйнөгө коркунуч деп баалады.

Европа Биримдиги уюмдагы 27 өлкө менен макулдашылган санкциялардын топтомун жарыялай турганын кабарлоодо. Анда Орусиянын элитасынын Европа өлкөлөрүндөгү активдерин камакка алуу сыяктуу чаралар бар. Мурдараак Германия “Түндүк агым-2” газ куурунун долбоорун кабыл алууну убактылуу токтотконун жарыяласа, АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG